Биз менен байланышыңыз

Алматы шаарында «Hyundai» компаниясы унаасын чыгара баштады

Кыска кабар | 18 Окт 2020 | 940 | 0

Казакстанда «Hunday» компаниясы жаңы заводун курду. Анын ачылышына Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Кореянын Соода, индустрия жана энергетика министри Сон Юн Мо, «Hyundai Motor Company» компаниясынын президенти Ли Вон Хи жана башкалар катышканын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Курулуш бүткөн жердин жалпы аянты 34 миң чарчы метрди түзөт. «Астана Моторстун» туунду компаниясы болгон «Hyundai Trans Kazakhstan» дүйнөлүк автоунаа өндүрүшүнүн заманбап технологияларын колдонуу менен курулуп, Түштүк Кореяда жасалган акыркы жабдыктар менен жабдылган. Өндүрүштүк кубаттуулук биринчи этапта жылына 30 миң даана, экинчи этапта 45 миң даанага чейин жетет. «Астана Моторс» чыгарылган автоунаалардын жалпы санынын 50 пайызын Казакстандын базарында, калган 50 пайызын КМШ өлкөлөрүнө экспорттойт. Компания азыркы тапта Өзбекстанга «Hyundai» автоунааларын экспорттоп жатат.

Инвестициялардын жалпы көлөмү 28 миллиард тенгеден ашык, анын 30 пайызы «Астана Моторс» компаниясынын өздүк каражаттары, 70 пайызы «Казакстан Өнүктүрүү Банкы» ААК жана «Өнөр жай Өнүктүрүү Фонду» ААК тарабынан карыжланган насыялар. Долбоор Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин, ошондой эле Алматы шаарынын Акиматынын колдоосу менен ишке ашырылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM