Биз менен байланышыңыз

Акын Мирлан Самыйкожо депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 2768 | 0

Акын Мирлан Самыйкожо 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз калтырды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыялады.

Мирлан Самыйкожо Нарын облусунун №32 Кочкор округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 145 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Copyright © 2017 Maral FM