Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Конституциянын жаңы долбооруна каршы тынчтык митинги өтөт

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 988 | 0

Бүгүн, 9-март саат 11.00дө Ак үйдүн алдында Конституцияга каршы тынчтык митинги өтөт. Бул тууралуу «Ханституцияга каршы» борборунан билдиришти.

Тынчтык митингинин негизги талаптары:

  • Конституцияга каршыбыз;
  • Легитимсиз парламент таркасын;
  • Президент тез арада парламенттик шайлоону жарыяласын;
  • Конституциянын долбоору жаңы парламентте кеңири талкууланып, эл тандоосуна коюлсун.

Эске салсак, 3-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо талаш-тартыш менен коштолгон. Анда депутаттар Дастан Бекешев, Ирина Карамушкина, Жанарбек Акаев, Каныбек Иманалиев, Мирлан Жээнчороев, Рыскелди Момбеков сунушталган Башмыйзамдагы кемчиликтерди санап, жаңы долбоордун авторлорун ачыкка чыгарууну талап кылышкан. Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу үчүн референдум өткөрүүгө 96 депутаттын 87си макул, 9у каршы добуш берип, мыйзам биринчи окууда кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM