Биз менен байланышыңыз

Сот жана укук коргоо тармагында жаңы кодекстер кабыл алынат

Саясат | 7 Июн 2021 | 1987 | 0

Бүгүн Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Кеңештин алдында иштеп жаткан кылмыш, жарандык, административдик жана аткаруу кодекстериндеги укуктук боштуктарды жана коллизияларды четтетүүгө багытталган сунуштарды талдоо жана иштеп чыгуу үчүн атайын эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Жыйында кеңештин милдеттери, сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча мыйзам долбоорлору тууралуу маалыматтар угулуп, алардын презентациялары болду.

Президент Садыр Жапаров бүгүн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрдү.

Жыйында Кеңештин алдында турган негизги милдеттер аталып, бир катар мыйзам долбоорлору жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Садыр Жапаров укуктук коргоо маселелерин жөнгө салуу максатында 31-мартта «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш жөнүндө» жарлыкка кол койгонун белгиледи.

Кеңештин алдында тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча эксперттик жумушчу топтор түзүлүп, соттордун жана укук коргоо органдарынын ишмердигин өркүндөтүп, жөнгө сала турган нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдашкан. Ошондой эле мыйзам  долбоорлорун даярдоого жарандык коомдун, көз карандысыз эксперттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышкан.

Мамлекет башчысы ар кандай социалдык чыр-чатактарды чечүүнүн жана жөнгө салуунун эң эле легитимдүү жолу укук коргоо экенин белгиледи. Ошондой эле өлкөдө сот реформасы жүргөнүнө карабай, сот жана укук коргоо органдары өзүнүн функциясын жетиштүү аткара албай жатканын сындады.

«Коомдо ушундай пикирдин үстөмдүгү сакталып жатканын эскерте кетейин. Өлкөдө иштеп жаткан айрым Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, инвесторлордун сот жана укук системасына ишеними төмөн. Алар бизди мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоп бере албаган система катары баалашат. Мындай жагдайда биз мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү жарандык коомдун, эл аралык уюмдарда биздин өнөктөштөрүбүздүн пикирлерин кунт коюп угуп, тийиштүү жыйынтыктарды чыгарууга милдеттүүбүз. Учурда зарыл иш-чараларды реалдуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эркибиз жетет деп терең ишенем».

Президент ошондой эле өлкөгө инвестициялык агымдардын кирүүсүнө өбөлгө түзгөн, мүлк жана ишкерлердин укуктарын коргогон эффективдүү соттук коргоону камсыз кылуу керектигин кошумчалады.

«Ошентип биз улуттук укук коргоо жана сот системасын түп тамырынан бери өзгөрүүнү башташыбыз керек. Мурунку тажрыйбаны эске алып, кайра карап чыгып, эл-журттун кызыкчылыгында эффективдүү укук коргоо жана сот системасын түзүүнүн убакыт-сааты келди. Мыкты, төгөрөгү төп келген мыйзамдардын болушу — укук коргоо жана сот системасынын иштөөсүнүн маанилүү шарты». 

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында баяндама жасаган Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова буга чейин судьяларга тартип жазаларды кароону, жоопкерчиликке тартууга, кызматынан четтетүүгө макулдук берүүнү Тартип комиссиясы карап келсе, эми  жаңы Башмыйзамга ылайык, ал милдет Судьялар кеңешине түз өткөнүн белгиледи.

«Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзам конституциялык мыйзамдардын катарына кирбейт. Ушуга байланыштуу Жогорку Сот тарбынан судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу камтылган аталган мыйзамдын 4-бөлүмүн Конституциялык мыйзамга жайгаштыруу сунушу берилген. Судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу ирети жана аларды ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу судьялардын статусу менен ажырагыс байланышта болгондуктан аталган маселелер конституциялык мыйзам менен жөнгө салынса, Конституциянын ченемдерине туура келип, максатка ылайыктуу болот деп эсептейбиз». 

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин алдында колдонуудагы Жазык, Жарандык, Административдик жана аткаруу кодекстериндеги кемчиликтерди жана карама-каршылыктарды жоюу максатында атайын эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Бул топту Башкы прокурор Курманкул Зулушев жетектейт.

Курманкул Зулушев Жазык, Кылмыш-Жаза жана Административдик кодестердин жаңы редакциясы жазылганын билдирди.

«Кылмыш-жаза кодексин учурда колдонулуп жаткан Жазык кодекси түзөт. Жоруктар жөнүндө кодекс өзүнүн күчүн жоготуп, ал эми анда каралган жоруктардын 15%ы же 19 жорук чоң коркунуч келтирбеген кылмыштардын категориясына киргизилип, калган 85%ы же 104 жорук административдик укук бузуулар кодесине өзгөртүлдү. Мында аракет же аракетсиздик үчүн эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза колдонулбайт. Азыркы учурда кылмыштын кесепетинен 10 миң сомго чейин материалдык зыян келтирилсе, жоруктар кодексине ылайык жоопкерчиликтер каралган. Ал эми жаңы долбоор боюнча мындай аракеттерден келтирилген зыяндын өлчөмү 1000 сомдон жогору белгиленип, ага карата кылмыш жоопкерчилиги каралат». 

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кылмыш-жаза кодекси кыргыз тилинде жазылганын жаңы кодекстерди иштеп чыгуу боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөсү Чолпонкул Арабаев билдирди.

«Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жетекчилиги астында учурда иштеп жаткан беш кодекске дыкат талдоо жүргүзүлүп, бир жарым айдын ичинде демалышсыз иш алып бардык. Жумушчу топ мурдагылардан айырмаланып, учурдагы кодекстерди акы албастан кыска убакытта иштеп чыгышты. Мамлекеттик тилде так жазылып, аталышы жана ички мазмуну талапка толук жооп берет. СССР мезгилинде, 30 жылдык эгемен тарыхта кылмыш-жаза мыйзамдары эч качан кыргыз тилинде жазылган эмес».

Ошондой эле ал эксперттик топ долбоорлор Жогорку Кеңеш тарабынан канчалык эрте кабыл алынса, укуктук көйгөйлөрдөн арылып, туңгуюктан тезирээк чыгууга шарт түзүлөрүн кошумчалады.

Жыйын соңунда бир катар чечимдер кабыл алынып, президент Садыр Жапаров Чүй облустук сотунун төрагасы жумушка мас абалында келген видеону көрсөтүп, Жогорку Соттун төрайымына тез арада чара көрүүнү тапшырды.

«Биз бир топ убакыттан бери мыйзамдарды иштеп чыгып, жаңы Конституцияга ылайык келтирели деп жатабыз. Анан минтип сотторубуз өздөрү оңолбосо, мыйзамдарды алтын тамга менен жазсак да, мындай соттор менен реформаны аягына чыгара албайбыз. Мына бир чоң облустагы бардык сотторду караган соттордун төрагасы күндө арак ичип мас экен. Анан ушундай соттор менен биз кантип реформа жүргүзөбүз?!» 

Эксперттер сот системасынын жана сот өндүрүшүнүн эң актуалдуу маселелери жана көйгөйлөрү боюнча мыйзам долбоорлорун даярдашкан. Аларга сот реформасынын бир катар артыкчылыктуу багыттары боюнча талдоолор жасалып, сунуштамалар берилген.

Copyright © 2017 Maral FM