Биз менен байланышыңыз

1993-жылдагы Башмыйзамга кайтуу кризистен чыгарабы?

Саясат | 30 Ноя 2020 | 1115 | 0

Кыргызстанда башкаруу системасы талашка түшүп, коомчулукта түрдүү пикирлер жаралды. Президенттик башкарууга баруу талапка ылайык болорун айткан учурдагы бийлик 80 депутат демилгелеген Жаңы Башмыйзам долбоорун сунуштап, иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түздү. Бийликтин бул кадамы мыйзамсыз экенин белгилеген, парламенттик башкарууну колдогон экинчи тарап байма-бай маалымат жыйын өткөрүп, эки жекшембиден бери каршылык акцияларын уюштуруп келет.

Ал ортодо эки тарапка да кошулбаган «Комитет-93» кыймылы түзүлдү. Анда туңгуч баш мыйзамды жазууда активдүү катышкан легендарлуу парламенттин өкүлдөрү, ошол кездеги жооптуу кызматтарда иштеген юристтер бар. Алар 1993-жылы кабыл алынган баштапкы Конституцияга кайтууну сунуштап, буга легендарлуу парламент бүт кызыкчылыкты эске алуу менен мыйзамдарды терең караганын жүйө келтиришет.

«Комитет-93» кыймылынын мүчөсү, көз карандысыз юрист Анвар Курмушиевдин пикиринде, алгачкы Башмыйзам кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөн топтор тарабынан эмес, мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн иштелип чыккан.

Экс-депутат Исхак Масалиевдин айтымында, азыркы Конситуциялык кеңешменин талкуулап жаткан долбоору көп суроо туудуруп, авторунун жоктугу, процесстердин шашылыш жүрүп жатканы күмөн санатат. Ал эми 1993-жылдагы Конституция бийликтин элге адилеттүү иштеп берүүсүн шарттайт. Себеби алгачкы Башмыйзамда бийликтин милдеттери так сакталган.

«1993-жылдагы Конституция боюнча Кыргызстанда бир жагынан күчтүү президент, экинчи жагынан чечүүчү ролго ээ болгон парламент болуп, бийликтин тең салмактуулугун сактап турган. Ошол система ыңгайлуу болчу. Албетте, оңдоп-түзөй турган жактары бар. 1993-жылдагы Башмыйзамга кайтуу сунушун  колдойм». 

Кыймылдын мүчөлөрү өлкө эгемендик алган 30 жылга чукул мезгилде Башмыйзам тогуз жолу өзгөртүлгөнүн, 1994-жылдан баштап президенттер бийлигин бекемдөө максатында мыйзамсыз кадамдарга барып келгенин белгилешет. Алар билдиргендей, мамлекет жетекчилеринин бири да Конституциянын кол тийбестигин сактап калууну каалаган эмес, тескерисинче, ар бири өз кызыкчылыгына ылайыктап өзгөртүп келишкен.

Конституциялык соттун мурдагы төрайымы Чолпон Баекова алгачкы Башмыйзам легендарлуу парламент тарабынан кылдаттык менен иштелип чыкканын айтат. Туңгуч Башмыйзам узак убакыт аралыгында талкуудан өтүп, эл аралык уюмдар тарабынан да колдоого ээ болгон.

«Парламент дээрлик үч жыл аралыгында Башмыйзамдын ар бир тамгасына чейин карап, кыргыз-орус тилдеринде айкалыштырылып жазылган. Депутаттар өз аймактарына барып, эл менен акылдашып, эл аралык коомчулук тарабынан колдоого алынган соң бекиткенбиз. Албетте, даяр турган Конституцияны ишке киргизиш керек». 

Кыймылдын дагы бир мүчөсү, экс-депутат Максат Кунакунов ушул мезгилге чейин конституциялык өзгөртүүлөр мыйзам бузуулар менен өтүп келген дейт. Мындай негиздерге таянып, кабыл алынган өзгөртүүлөрдү жокко чыгаруу менен алгачкы Конституцияны күчүнө киргизүүгө болот.

«Азыр юристтер тобу иштеп жатат. Эң биринчи Акаевдин указы менен мыйзамды өзгөртүп, анан референдумга чыккан. Бул туура эмес, аны да Конституциялык палатага жиберебиз. Андан майнап чыкпаса, мыйзамдуу жол менен элден кол топтоого өтөбүз. 2010-жылы да талаптарды сактабай, өзгөчө абал учурунда референдум өткөргөн. Ар бир өзгөртүүдө мыйзам бузуу белгилери бар».

«Комитет-93» кыймылы Башмыйзамды өзгөртүүдө эки жаатка бөлүнгөндөрдү биригүүгө чакырарын жана жаңы долбоордун үстүндө иштеп жаткан кеңешменин иши боюнча Конституциялык палатага кайрыла турганын маалымдашты.

Маалым болгондой, алгачкы Башмыйзамды кайра күчүнө киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн көз карандысыз юристтер тобу иликтеп жатат. Ошондой эле, бул багытта элден кол чогултуу иштери да башталат.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоору жана аны референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM