Биз менен байланышыңыз

Ашыралиев: 10 жыл легитимсиз Конституция менен жашадык

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2020 | 705 | 0

10 жыл легитимсиз Конституция менен жашадык. Мындай пикирин коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Кемелбек Ашыралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы Курманбек Бакиев качып кеткенде, парламент тарап кеткен. Убактылуу өкмөт болгон ишти алып барып, саясатчы Өмүрбек Текебаев өзү эле Конституциялык кеңешме чогултуп алган да, учурдагы Башмыйзам шашылыш кабыл алынып калган.

«Ага караганда азыр парламент бар. Демек, жаңы Конституция маселесинде 2010-жылга салыштырмалуу анча-мынча мыйзамдуулук бар. Азыркы иштеп жаткан Конституция элге жаккан жок. Аткаруу бийлигинин сапаты жок, ал өз ролун аткара албай, кайра-кайра премьер-министрди алмаштырып жатабыз. Ошондуктан сөзсүз жаңы Конституция керек», — деди Ашыралиев.

Copyright © 2017 Maral FM