Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Жаңы Башмыйзам бул жолу кыргыз тилинде жазылды

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Фев 2021 | 567 | 0

Жаңы Башмыйзам бул жолу кыргыз тилинде жазылды. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейинки Конституцияда жаңы Башмыйзамды кабыл алуу маселеси каралбай калган. Жаңы долбоордо бул жагдай да камтылып,  Башмыйзамды кайра кабыл алуу, өзгөртүү жана толуктоо боюнча атайын жоболор каралды. Натыйжада, укук системасындагы жетишпестик жоюлду.

Жаңы Конституция референдум же жалпы элдик добуш аркылуу гана кабыл алынат.

«300 миң эл, президент, парламенттин депутаттары да демилге менен чыгышы керек. Биз негизги эрежелерин бердик, алдыда бул боюнча конституциялык мыйзам кабыл алынышы керек, ошондо кеңири жазылат. Конституциянын бардык бөлүктөрүнө, айрыкча конституциялык түзүлүштүн негиздерине, адам укуктарына өзгөрүү кирсе, жаңы Башмыйзам деп эсептелет», — дейт Бөрүбашев.

Ал белгилегендей, Конституциялык кеңеш менен кошо лингвистикалык топ да түзүлгөн. Учурда алар жаңы Башмыйзамдын үстүндө иштеп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM