Биз менен байланышыңыз

«Жогорку соттун судьяларын парламент шайлашы ыктымал»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Фев 2021 | 929 | 0

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, Жогорку Соттун судьяларын Жогорку Кеңеш шайлайт. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сот адилеттүүлүгү боюнча кеңеш түзүлөт. Ал кеңеш сотторду тандайт.

«Кеңештин 2/3 бөлүгүн соттор өзү түзөт. Калган бөлүгүн Жогорку Кеңеш, президент түзөт. Бул жерде соттор кандайдыр бир деңгээлде көз карандысыз  жоопкер. Соттордун жоопкерчилигин карадык. Тартип комиссиясынын функцияларын соттордун кеңешине берип жатабыз. Соттордун кеңеши соттордун курултайында түзүлөт», — дейт Бөрүбашев.

Ал бегилегендей, президент менен Жогорку Кеңеш — эң жогору мамлекеттик бийлик. Ошондуктан алардын өкмөттү, сотторду, башка мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарды түзүүгө акылуу. Ошондуктан алар кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизишет.

Конституциялык соттун судьялары алгач сот адилеттүүлүгү боюнча кеңештен өтөт. Алар президентке сунуштайт. Президент талапкерлерди карап чыгып, парламентке жиберет. Акыркы чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат.

Copyright © 2017 Maral FM