Биз менен байланышыңыз

Сот ардагерге жалаа жапкандыгы үчүн Навальныйга айып пул салды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2021 | 890 | 0

Орусиянын Москва шаардык соту орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды «ардагердин ар-намысына шек келтирди» деп таап, ага 850 миң рубль айып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Акыркы сөзүндө Навальный бийликти «ардагерди оппозиционерди куугунтуктоо үчүн пайдаланып жатат» деп айыптады.

2020-жылдын жайында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Игнат Артеменко Орусиянын президент Владимир Путин сунуш кылган конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдогон үгүт өнөктүгүнө тартылган. Навальный бул өнөктүктүн катышуучуларын «сатылгандар» жана «өлкөнү уят кылгандар» деп сындап, Твиттер баракчасына жазып чыккан.

Ошол эле күнү, «Ив Роше» деп аталган иш боюнча Навальныйдын апелляциялык арызы каралып, Москва шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бирок сот Навальный үй камагында отурган 2014-жылдын 30-декабрынан 2015-жылдын 18-февралына чейинки убакытты эсептөө чечимин чыгарды.

Навальный 17-январда Германиядан Москвага келгенде «Шереметьево» аэропортунан кармалды. Ал 2020-жылдын август айында ууландырылганы үчүн Германияда дарыланып жаткан.

Орусиянын Жаза аткаруу кызматы Навальныйды «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза мөөнөтүнүн эрежесин бузганы үчүн камаган. 18-январда Москванын Химки сотунун чечими менен шарттуу жаза чыныгы өкүмгө өзгөртүлүп  камакта калтырылган.

23-январда Орусиянын бир нече шаарында Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө 4 миңдей адам кармалганы белгилүү.

16-февралда Адам укуктары боюнча Европа соту Орусия бийлигинен Навальныйдын токтоосуз бошотулушун талап кылган.

Copyright © 2017 Maral FM