Биз менен байланышыңыз

Навальный ооруканага которулмай болду

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2021 | 880 | 0

Орусиянын Владимир облусундагы колонияда жазасын өтөп жаткан оппозициянын лидери Алексей Навальный абактагылардын ооруканасына которулат. Бул тууралуу Орусиянын Жазаларды аткаруу федералдык кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, учурда Навальныйдын ден соолугу канааттандырарлык деп бааланып, күн сайын жалпы дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп жатат. Бейтаптын макулдугу менен ал витамин терапиясын алууда.

Буга чейин АКШ: «Навальный түрмөдө көз жумса, Орусия эмне болот?» — деген суроо салып келген.  Ошондой эле кечээ, 18-апрелде саясатчынын саламаттыгы күндөн күнгө начарлап жатканын, мындан ары кол куушуруп отурууга болбой калганын белгилеген.  Навальныйдын колдоочулары 21-апрелде Орусиянын бир катар шаарларында ири митингге чыгышарын маалымдаган болчу.

Путин өзүнө мамлекеттин эсебинен хан сарай курган деп айткан Навальный Германиядан кайтып келгенден көп өтпөй аэропортто камакка алынып, кийинчерээк 2,5 жылга кесилген.

Андан кийин аны мекенчил оппозиционер катары көргөн коомдук демонстрациялар болду. Навальный бир нече жолу ачкачылык жарыялаган, анын туугандары жана адвокаттары аны камакта кыйналып, ден соолугу начарлап баратканын айтышкан. 

Copyright © 2017 Maral FM