Биз менен байланышыңыз

Навальный Москвадан 100 км алыстыктагы Покровка абагына которулду

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2021 | 713 | 0

Орусиянын оппозициядагы саясатчысы Алексей Навальный Владимир облусунун Покровка шаарчасындагы түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Москвадан 100 км алыстыкта чыныгы концлагерь түзсө болот деп ойлогон эмес болчумун», — деп жазган саясатчы «А катуу режимдеги түзөтүү секторунан» баарына салам жолдогон.

Жаңы абактагы жашоосу тууралуу жазган Навальный ал жакта тартип катуу экенин, «качып кетиши мүмкүн» дегендердин катарында болгону үчүн түндө да саат сайын камерасы менен келип текшерип турарын айткан.

Буга чейин Навальный «Матросская тишина» деп таанылган Москвадагы 1-тергөө абагынан Кольчугино шаарчасындагы колонияга жеткирилген болчу.

Навальный 17-январда Германиядан келгенден кийин камакка алынган. 19-январда оппозициянын лидери «Матросская Тишинанын» убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Москва соту анын камалышын мыйзамдуу деп таап, 3 жарым жылдык абак жазасын чектеген. Навальныйдын мурда да шарттуу камакта отурганы эске алынып, 1 жылы кыскартылган.

Copyright © 2017 Maral FM