Биз менен байланышыңыз

Навальный 3,5 жылга түрмөгө камалды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 667 | 0

Москва соту орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды 3,5 жылга камакка алды.

«Ив Роше» иши боюнча 2014-жылы өкүм кылынган шарттуу жазаны үч жарым жылдык түрмөгө алмаштырды. Саясатчынын жети жыл мурда бир нече ай үй камагында отуруп чыкканы эске алынып, сот бир жылын кыскартып берди. Эми ал абакта эки жарым жыл отурат.

Сот «Навальный шарттуу жазанын талаптарын аткарган эмес» деп тапты. Саясатчы бул чечим боюнча жогорку баскычтагы сотко даттанса болот.

Жаза аткаруу кызматы «Навальный сыноо мөөнөтүнүн шарттарын бузду» деп, 29-декабрда издөө жарыялаган. Германияда дарыланган саясатчы 17-январда Москвага учуп келгенде кармалып, 15-февралга чейин тергөө абагына камалган.

Саясатчы 2014-жылы «Ив Роше» иши боюнча көз боёмочулукка айыпталып, беш жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу кесилген. Кийин ал мөөнөт дагы бир жылга узартылган. Навальный бул иште саясий өңүт бар деп эсептейт. Өткөн жылы Европанын адам укуктары боюнча соту бул иш боюнча өкүм мыйзам бузуулар менен чыкканын билдирген.

Оппозиционер 2020-жылдын 20-августунда Томскиден Москвага баратканда, эс-учун жоготуп, учак Омскиге чукул конгон. Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилип, кийин Германиядагы клиникага которулган. Ал эсине 19 күндөн кийин гана келген. Орусиялык дарыгерлер ууландыруу версиясын жокко чыгарышкан. Ал эми германиялык адистер жана европалык бир нече лаборатория Навальныйдын аскердик «Новичок» тобуна кирген зат менен ууландырылганын аныкташкан. Батыш өлкөлөрү Москваны бул иш боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырып келет.

Декабрдын аягында «Bellingcat» иликтөө тобу жана бир катар маалымат каражаттары саясатчыга кол салуунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) турган деген тыянакка келишкен. Кремль бул дооматты четке кагууда.

23-январда жана 31-январда эки жекшемби удаа Орусиянын бир катар шаарларында оппозиционерди колдоо акциялары өттү. Полиция аларды күч менен таркатты. Маалыматтарга караганда, митингдердин жүрүшүндө миңдеген адам кармалды.

Ошондой эле кечээ, 2-январда соттун өкүмү чыккан соң да, жаштар тобу нааразычылыкка чыгышты. Алар полиция тарабынан аёосуз сабалып, акыркы түнү 1400 жаран кармалганы айтылууда.

АКШ, Франция, Улуу Британия жана Германия бул аракеттер мыйзам бузууга жатарын айтып, Алексей Навальныйды бошотууну талап кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM