Биз менен байланышыңыз

Москвада Навальныйдын бир тууганы кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 610 | 0

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег Навальный 27-январдагы тинтүүлөрдөн кийин 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Жданов билдирди.

Ошондой эле кармалгандардын катарында фонддун юристи Любовь Соболь да бар. Алар 23-январдагы нааразычылыкта санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган деп айыпталууда. Экөөнүн тең бөгөт чарасы 48 саат ичинде аныкталууга тийиш.

«Туткундоолор менен макул эмесмин. Алар негизсиз жана агам Алексей Навальныйдын саясий ишмердүүлүгүнө кысым жасоо максатында аткарылып жатат деп эсептейм», — деп жазган Олег Навальный протокол толтуруу учурунда.

Шаршемби, 27-январь күнү Любовь Соболь менен Алексей Навальныйдын үйлөрүндө тинтүү жүргөн. Саясатчынын иниси тинтүү учурунда анын батиринде болгону, полиция эшикти бузуп киргени кабарланган.

Бул күнү полиция учурда Москвадагы тергөө абагында отурган Алексей Навальныйдын тарапташтары жана жакындарынын үйлөрүндө жалпы он бештей тинтүү жүргүзгөн.

Навальный 17-январда Германиядан Москвага келгенде «Шереметьево» аэропортунан кармалды. Ал 2020-жылдын август айында ууландырылганы үчүн Германияда дарыланып жаткан.

Орусиянын Жаза аткаруу кызматы Навальныйды «Ив Роше» деп аталган иш боюнча шарттуу жаза мөөнөтүнүн эрежесин бузганы үчүн камаган. 18-январда Москванын Химки сотунун чечими менен ал 15-февралга чейин камакта калтырылды.

23-январда Орусиянын бир нече шаарында Навальныйды абактан бошотууну талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө 4 миңдей адам кармалганы белгилүү.

Copyright © 2017 Maral FM