Биз менен байланышыңыз

Москвадагы нааразычылыкта 5 миң адам, анын ичинде Навальныйдын жубайы да кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 543 | 0

Кечээ, 31-январда Орусиянын бир нече шаарларында өткөн оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдоо митингинде кармалган адамдардын саны рекорддук көрсөткүчтү түздү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, нааразычылык акциясында жалпы 5 миңдей адам кармалган. Москва менен Санкт-Петербург шаарларынан тышкары, кармалгандардын саны боюнча алдыңкы бештиктин катарына Красноярск, Нижний Новгород жана Тверь шаарлары кирди. Бул Орусиянын жаңы тарыхында бир эле күнү кармалгандардын саны жагынан рекорд жаңырткан көрсөткүч болуп калды.

Нааразычылык учурунда кармалгандардын арасында оппозиционердин жубайы Юлия Навальный да бар экени айтылууда. Андан сырткары бир нече жергиликтүү кеңештин депутаттары, белгилүү саясатчылар жана жарандык активисттер кармалган. Ошол эле күнү митингдин айрым катышуучуларына бир нече кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Буга чейин, 23-январда Орусиянын бир нече шаарларында оппозиционерди колдогон нааразычылык акциялары өткөн. Анда митингчилер укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен кагылышып, бир нече кылмыш иши козголгон. 3 миңден ашуун адам кармалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM