Биз менен байланышыңыз

«Сот, укук коргоо органдары улам жаңы бийликке кызмат кылууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Апр 2021 | 1052 | 0

Сот жана укук коргоо органдары улам жаңы бийликке кызмат кылууда. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сот бийлиги дайыма президенттик институттан көз каранды.

Жаңы Конституцияга ылайык, сот бийлиги президентке ого бетер көз каранды болуп калды. Эми эч кандай соттук реформа жөнүндө сөз кылууга болбойт.

«Саясий куугунтукка кабылган болуп жатат. Анда эмне үчүн аларды соттогон судьялар, тергөөчүлөр жоопко тартылбайт? Мыйзамсыз камалгандар болсо, мамлекет компенсация төлөп бериши керек. Бирок бизде андай болгон жок. Акталгандар бийликке келип, соттор мурдагыдай эле жаңы төбөлдөргө кызмат кылып жатышат. Бардык көйгөй президенттик институттан келип чыгууда», — дейт Кайыпов.

Ал белгилегендей, бийликтеги тең салмак бузулганда адам укуктары толук корголбойт, мамлекет натыйжалуу башкарылбайт, адилеттик сакталбайт. Демек, мамлекеттин келечеги жаркын болушуна шарт түзүлбөйт.

Copyright © 2017 Maral FM