Биз менен байланышыңыз

«Укуктук мамлекет куруу жолунда адашкандайбыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2021 | 1104 | 0

Куугунтукка алынган саясатчылар бийликке келгенде башкаларды куугунтуктап, аша чаап кетишүүдө. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, адам укугу жогору турган чыныгы демократиялык мамлекеттерде мыйзам баарына бирдей иштейт. Бийлик бутактарында тең салмак болгондуктан коррупцияга каршы күрөш да калыс жүрөт.

Бюджетке кайтарылган акчанын кандай иштеши да маанилүү. Башка өлкөлөрдө укук коргоо органдарынын реформасына, адам укугун коргоого багытталса, ал эми Кыргызстанда бул бүдөмүк.

Мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн мүлктөр киреше алып келбей турат. Маселен, Ысык-Көлдөгү пансионаттар. Демек, башкаруу иши натыйжасыз.

«Биз укуктук, Конституциялык мамлекет куруу жолунда адашкандайбыз. Саясатчылар менен күрөш, алардын байлыгын тартып алуу бюджетти толтуруунун булагы боло турган болсо, тизмедеги саясатчылар түгөнгөн соң, бизнес өкүлдөрүнө кезек келет. Бул ишкердикке кооптонууну жаратат», — дейт Кайыпов.

Copyright © 2017 Maral FM