Биз менен байланышыңыз

Кайыпов: Коррупция менен күрөш натыйжасыз болууда

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2021 | 1011 | 0

Акыркы алты айда болгон коррупция менен күрөштү мыйзам үстөмдүгү катары кароого мүмкүн эмес. Тилекке каршы, күрөш да, укуктук системанын абалы да өлкө туура эмес багыт алгандыгынан кабар берет. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекетте мыйзам үстөмдүгү болмоюнча кылмыш менен күрөшүү, адилеттик орнотуу багытындагы аракеттер туура натыйжа алып келбейт. Тагыраагы, мыйзам үстөмдүгү жок болсо, мамлекет жашай албайт. Мыйзамдар бийликтен да күчтүү, жогору болушу кажет. Бул — жалпы адамдык аң-сезимди калыптандырууда өтө маанилүү баалуулук.

Коррупция Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн сакталышы боюнча маселеге келип такалууда.

«Коррупция менен күрөш натыйжалуу эмес, саясий оппонеттер менен гана күрөш жүргөнүнө күбө болуп келдик. Мыйзамдар карапайым адамдарга эле эмес, баарына тегиз иштеши керек. Бизде мыйзам үстөмдүгү начар абалга келгендигине байланыштуу — коррупция менен күрөш да натыйжасыз», — дейт Кайыпов.

Copyright © 2017 Maral FM