Биз менен байланышыңыз

Кайыпов: 330-берене менен укук коргоо органдары каалагандай жоопко тарта алат

Кыска кабар | 22 Дек 2021 | 426 | 0

Азыр Кыргызстанды бийликтин дарегине сын айткандарды улуттар аралык, этностор аралык, диндер аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу кеңири көрүнүшкө айланып бара жатат. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралга» билдирди.

«Бул — өтө терс, жаман белги. Себеби сөз эркиндигин чектөө катары кабыл алынып, мамлекет өзүнүн сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча милдеттемесинен баш тартып, адам укугун бузуп жатат дегенди билдирет. Биринчиден, ушул берене жаңы Кылмыш-жаза кодексинде да мазмуну өзгөргөн жок. Бул берене Кыргызстан ратификациялаган эл аралык стандарттарга туура келбейт, себеби бул беренеде так чек ара жок. Мисалы, адам сүйлөгөндө кайсыл чектен баштап кылмышка айланат деген чек так аныкталган эмес. Ошондуктан укук коргоо органдары өздөрү каалагандай, ар кимди ар түрдүүчө жоопко тартат. Калмаматовдун кайсы сөзү ушул беренеге туура келгени белгисиз, мен уккан, мен билген кайрылуулары бул беренеге дал келбейт». 

УКМК тараткан билдирүүгө таянып айтсак, Бактыбек Калмаматов социалдык тармактагы баракчалары аркылуу аймактарды жикке бөлүп жүргөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) менен иш козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM