Биз менен байланышыңыз

«Уюшкан кылмышка каршы күрөш жүрбөй жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2021 | 969 | 0

Кыргызстандагы ишкерлер чет өлкөгө инвестиция кылып жатат. Бул — өтө терс көрүнүш. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө кепилдик төмөн болгондуктан дүйнөлүк ири компаниялар Кыргызстанга келбей жатат.

Мындан сырткары уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү такыр жок. Алар бизнестин өнүгүүсүнө чоң зыян келтирип жатат. Мунун баары мамлекеттүүлүктү сактап калуу, өнүгүү үчүн чоң тоскоолдук. Мамлекет чара көрүшү керек.

«Мамлекеттик органдарда кылмыштуу, алыска бара албай турган кадрдык саясат жүрүп жатат. Сабатсыз кадрлар кызматка келип, укуктук аң-сезими жогору инсандар бийликке, башкаруу кызматтарына келбегендиктен, кесепети калкка тийүүдө», — дейт юрист.

Copyright © 2017 Maral FM