Биз менен байланышыңыз

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топту калкалоого шектелип милиция кызматкерлери кармалды

Кыска кабар | 25 Дек 2022 | 1009 | 0

Нарын облусунун Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалып, УКМКнын СИЗОсуна камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү боюнча (“Уюшкан топ түзүү же ага катышуу”) кылмыш иши козголуп, уюшкан топтун мүчөлөрү К. Асанбек, Ш.Н.О, А.Ы.А., Б.О.Н., О.Ч.О. тергөө абагына киргизилди.

Маалымат караганда, шектүүлөр Кочкор районундагы кафелердин биринде кожоюнунан ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылып, эгер аткарбаса кафени өртөй турганын айткан.

Натыйжада кафенин ээси 102 номуруна чалып, милиция кызматкерлерин чакырган. Бирок уюшкан топтун мүчөлөрү алар кылмыштуу топтун ана башы Камчы Көлбаевдин адамдары экенин, укук коргоо жана ички иштер органдары менен байланышы бар экенин айтып, коркутууну улантышкан.

Андан соң шектүүлөр чакырылган милициянын башчысын кол алдындагылардын көзүнчө сабап, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Кылмыш ишин тергөө учурунда Кочкор РИИБнин жетекчилиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөндүгү тууралуу маалыматтар алынган. Ошол эле учурда нөөмөт кызматына бул окуяны журналына жана оперативдүү протоколдоруна киргизбөө боюнча көрсөтмө берүү менен болгон окуяны жаап-жашыруу аракеттери документтештирилген. Ошол эле учурда РИИБнин жетекчилиги кызматтык абалынан пайдаланып, кафенин ээсин тиешелүү органдарга кайрылбоого бир нече жолу көндүрүүгө аракет кылышкан.

УКМК кармалгандардын дагы башка иштерге тиешеси бар же жоктугун аныктоо иштерин жүргүзүп жатканын жана Кочкор РИИБнин кызмат адамдарынын кызымат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кылмыш жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотуу, шалаакылык жана кылмышты жашыруу иш аракеттерине юридикалык баа берилерин билдирди.

 

Copyright © 2017 Maral FM