Биз менен байланышыңыз

«Кустуруу» саясатында кысым болгону далилденсе, кийин мамлекет кенемте төлөп калышы мүмкүн»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Апр 2021 | 1036 | 0

Коррупция менен күрөштө көмүскөдөгү акчаларды ачыкка чыгаруу, мыйзамсыз баюуга карата чара колдонуу, жоопко тартуу өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү. Бирок бюджетти толтурууда мүлктү тартып алуу менен гана чектелбөө керек. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бюджетти толтурууда мыйзам үстөмдүгүнө маани берүү зарыл, Кыргызстан укуктук мамлекет курууга умтулушу кажет.

«Кыргызстан жарандарында: «Мен укук бузсам, мамлекет жазалайт, менин укугум бузулса, мамлекет коргойт» деген ишеним жок. Кылмышкер жазанын адилеттигин сезиши керек. Анткени жазага тартуунун максаттарынын бири — социалдык адилеттүүлүктү орнотуу. Акча берип абактан чыккан саясатчылар бийлик алмашып кеткенде сотко кайрылып, кезинде кысым болгонун айтса, анда мамлекет кенемте төлөп калабы? Мындан сырткары Кыргызстанда саясатчылар алдыңкы байлардын катарын толуктап жатканы да терс көрүнүш», — дейт юрист.

Ал белгилегендей, көмүскө экономика жогору болгон мамлекетте бийлик өзү ага катышат. Тагыраагы, саясатчылар өлкөдөгү алдыңкы байлардын тизмесин толуктап турса, демек бийликтин көмүскө экономика менен алектенип жатканы турган иш.

Copyright © 2017 Maral FM