Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Экономиканы көмүскөдөн чыгаруу үчүн ачык-айкындык керек

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 519 | 0

Экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындык керек. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн коммерциялык банктарынын жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.

«Эң алдыңкы технологиялар ар дайым банктарда болгон. Биз накталай эмес эсептешүүлөрдү жогорулатууга түрткү берүү иши Министрлер кабинетинин карамагында болуусун каалайт элек. Алсак, Казакстанда салыктарды чогултуу банктардын биринин телефондогу тиркемесине жараша жогорулаган. Анда адамдар базардагы азык-түлүктөр үчүн да ал тиркеме аркылуу эсептеше баштады. Банктар жаңы технологияларды киргизүүдө жардам берет деп ишенем», — деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Министрлер кабинети банктардын пикирин жана сунуштарын эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алат. Ошол эле учурда ал коммерциялык банктар менен маселелерди талкуулоо үчүн мындай жолугушуулар үзгүлтүксүз негизде өткөрүлөрүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM