Биз менен байланышыңыз

«Жаңы Конституцияга ылайык, депутаттардын саны кыскарат»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Фев 2021 | 1489 | 0

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны кыскарат. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламентке 90 депутат беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Башмыйзамдын долбоору боюнча парламентке бир топ укук берилди. Жогорку Кеңеш президентке импичмент жарыялай алат. Ал эми президенттин парламентти таратууга укугу жок.

«Жогорку Кеңеш укуктук ченемдерди бузган учурда жооп берет. Аракеттеги Башмыйзамды жазган адамдар парламентаризмдин убалына калышкан. Алар «парламенттик башкарууга баратабыз» дегени менен парламентаризмдин негизги принциптерин бузушкан. Маселен, толук парламенттик башкарууга өтсөк, 2010-жылы президент эл тарабынан эмес, Жогорку Кеңеш тарабынан шайланышы керек эле. Мындан тышкары шайлоодо жеңген партиянын адамдары өкмөттү башкарышы керек болчу», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM