Биз менен байланышыңыз

Ais Home ар бир жаранга жеңилдетилген шартта үй берет

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Фев 2022 | 836 | 6

Турак жай кооперативдери акыркы 4 жылдан бери бат өнүгүп келе жатат. Бул тууралуу Ais Home турак жай кооперативинин негиздөөчүсү, жеке ишкер Бакытбек Болотбеков «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы кыргызстандыктардын жашоо-шартына ылайыкташтырылган, ар бир жаран ыңгайлуу баада үй сатып ала турган программа иштелип чыгып, Ais Home турак жай кооперативи түзүлгөн.

Кооператив ачылган эки жылдан бери 150дөй адам үй алды. Алар Бишкек шаарында гана эмес, аймактарда да иш алып барат.

Ошол эле учурда каалоочуларга 10 жылга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү берилет. Үй берүүдө иштеген жери мааниге ээ болбойт, тактап айтканда, мамлекеттик кызматта болобу, менчик ишканада болобу, чет жерде иштейби, айтор, Кыргызстандын бардык жараны үй алуу үчүн кайрыла алат.

«Биринчиден, документтердеги көп талаптарды алып койгонбуз. Дегеним, биздин кооперативден үй алам дегендер болгону келишим түзөт, паспорт жана жашаган жеринен маалымкат керектелет. Андан кийин кардарга 10%, 20%, 35%, 50%дык алгачкы төлөмдөр сунушталат. Эгерде кардардын алгачкы төлөмдү төгүүгө такыр мүмкүнчүлүгү болбосо, анда биз менен келишим түзүп, топтоо программасы менен ай сайын 7 миң же 10 миң сомдон чогултуп кезеке туруп өзү каалаган үй алса болот. Мөөнөтү 10 жылга чейин болот, бирок ошол эле учурда мөөнөтүнөн мурда да бардык төлөмдү төгүп, жаап койгондор бар. Кардар кооперативден үй алгандан кийин өзүнө катталат, бирок башка бирөөгө сатууга чектөө коюлган», — деди Болотбеков.

Мындан сырткары ишкер кооперативден үй сатып алууда коопсуздук чаралары толук сакталганын кошумчалады. Кыргызстанда кооперативге жана анын мүчөлөрүнө мыйзамдын негизинде кепилдик берилерин баса белгиледи.

Кененирээк маалыматты aishome.kg сайтынан алсаңыз болот.

6 пикир

6 пикир

  1. Айжан

    06.02.2022 19:56

    Турак жай аябай эле оор маселе. Бакытбек Болотбековдой адамдарга чоон ыраазычылыкты каалайм, себеби буткул мамлекетибиздин оор маселелеринин бирин депутат болбосо дагы чечкенге салым кошуп жатат. Мен ойлойм, депутат болсо мамлекетибизге чоон саалым кошт деп!

  2. Болот

    06.02.2022 20:04

    Бакытбек мырзадай адамдар Кыргызстанда коп болсо жакшы болот эле. Бакытбек Болотбекович депутат болсо биздин жаштар турак жайлуу болуп калышмак эле. менделе коп жылдан бери квартира алалбай иштеп журуп, Бакытбек Болотбековичтин компаниясына барып буйруса оз квартирабызда уй булоом менен жашаймын! Ийгилик сизге Бакытбек мырза!!!

  3. Мирлан

    06.02.2022 20:10

    Успехов Вам Бакытбек байке!!! давно пора таких депутатов в нашем парламенте! образованый, юрист, управленец!!!

  4. Бакыт

    06.02.2022 20:18

    Бакытбек байке абдан билимдуу адам, ошондой адамдар биздин мамлекетибизди онуктуроо алат

  5. Барсбек

    07.02.2022 10:45

    Бакыт байке желаю Вам успехов на выборах, действительно достойный кандидат. Человек создавший жилищный кооператив АИС Хоум, обеспечил жильем более сотни граждан нашей страны, занимается благотворительностью, делает благие дела работая для народа. В парламент надо таких депутатов

  6. Санжар

    07.02.2022 10:50

    Алга Бакытбек байке!!! жакшы адамдар парламентке келим Кыргызстаныбызды онуктурсо жакшы болот эле!! Бакыт байке мамлекетибизди алдыга карай онуктуроо турганына ишенем!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM