Биз менен байланышыңыз

МИК турак жайы бар жарандарга да насыя бере баштайт

Кыска кабар , Экономика | 17 Дек 2019 | 1174 | 1

«Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому быйыл 600 үй-бүлө ипотекага турак жай алганын кабарлады. Жыл соңуна чейин Нарын жана Бишкек шаарынан мамлекеттик кызматкерлерге жеңилдетилген шартта турак жай берилет. Мындан сырткары, үйү бар жарандар да ипотекалык насыя ала алышат.

Быйыл «Жеткиликтүү ипотека» долбоору ишке кирип, анын алкагында 800 млн сомдук ипотекалык насыялар берилди. Натыйжада, бир гана бюджеттик эмес, башка тармактарда иштеген жарандар да мамлекеттик ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Эми 2020-жылдын март айынан баштап «Мамлекеттик ипотекалык компания» жаңы механизмди ишке киргизет. «Турак жай аманаттык компаниясына» үйү бар адамдар, чет өлкөдө мигрант болуп жүргөн жарандар да катыша алышат. Бул тууралуу аталган коомдун башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди:

— Жаңы механизм германиялык моделге негизделген. Анын алкагында кардарлар үй-бүлөсүнүн финансылык стабилдүүлүгүн түптөөсүнө зор салым кошот. Андан сырткары, каражатты топтоо маданиятын калыптандырат. Топтоо мөөнөтү аяктаган соң арзан жана жеткиликтүү насыя алып, турак жай маселесин чечсе болот. Дагы бир жакшы өзгөчөлүгү, баласына, же небересине да келишим түзүп, каражат топтоп, алардын да келечегине шарт түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Алдыда Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы менен биргеликте туунду уюм түзгөнү турабыз. 

Мамлекеттик ипотекалык компания учурда арыздарды кабыл алуу багытында электрондук порталды ишке киргизгени турат. Ал жарандардын тийиштүү документтерди онлайн жиберүүсүнө, процедураны жеңилдетүүгө шарт түзөт. Компания мекемелер аралык «Түндүк» өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жарандын маалыматтарын ала алат.

Электрондук портал үчүн жалпысынан 60 миң евро каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Ипотекалык компаниянын сатуу жана продукцияларды иштеп чыгуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Фархад Ибраев билдирди:

— Эки тапшырма коюлган. Анын бири — электрондук порталды иштеп чыгуу бир гана IT- адистердин жумушун камтыбайт. Ал жерде консультативдик жардам берүү да каралган. Мунун баары эл аралык консультанттар тарабынан 60 миң еврого бааланган.

Мындан сырткары, учурда Бишкек жана Нарын шаарларында эки көп кабаттуу үй жеңилдетилген шартта ипотекага берилгени турат. Нарындагы турак үй 5 кабаттуу, анда 1 жана 2 бөлмөлүү 60 батир бар. Ал эми Бишкектеги үй «Тунгуч» кичи районунда жайгашкан. 9 кабаттуу үйдө 135 батир каралган.

Алар «Ижара менен кийин сатып алуу механизми аркылуу» жылдык 6% менен 15 жылга берилет. Алгачкы төлөм талап кылынбайт. Ал үчүн жарандын насыяны төлөө жөндөмдүүлүгү, үй-бүлө мүчөлөрүнүн киреше булактары эсепке алынат. Ипотекалык компаниянын төрайымынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу турак үйлөр биринчи кезекте мугалимдерге, дарыгерлерге, социалдык жана маданият тармагында иштеген кызматкерлерге берилерин маалымдады.

— Жеңилдетилген шартта ипотекага үй берүүдө жарандын эмгек стажын эске алабыз. Сөзсүз түрдө турак жайы жок болушу керек. Мындан сырткары, социалдык абалын эске алуу жолу менен чечимдер кабыл алынат. Айталы, 1 млн сомдук турак жай үчүн айына 5500-6000 сом насыя төгүүгө туура келет. Демек, жаран бул суммадан көбүрөөк киреше табууга тийиш. Ипотека алуучу адамдардын тизмесин жергиликтүү администрация тактап берип, компания ал ишке аралашпайт. 

Эми үй-бүлөлүү ар бир жаран ипотекага үй ала алат (жол жобосу)

Иптотекалык компания мамлекеттен көз карандысыз болуу жаатында иш алып барып жатат. Анткени жарандардан келген талап абдан жогору. Учурда ипотекалык насыя алуу үчүн 4 миңден ашуун киши кезекте турат. Аларга жалпысынан 8 млрд сомдон көп каражат керектигин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы Элмира Абжапарова кабарлады:

— Бюджет 8 млн сомду бир күндө берип коё албаган соң, анын үстүнө мамлекетке жүк болбоо максатында донор, эл аралык уюмдар менен кенен иш алып барып жатабыз. Биринчи жетишкендигибиз Германиялык өнүктүрүү банкы бөлгөн каражаттарды элге бере баштадык. Алар Бишкек менен Ош шаарларынан сырткаркы аймактарга жылдык 10% үстөк менен 15 жылга берилип жатат. Эч кандай комиссия талап кылынбайт. Болгону 20% алдын ала өздүк салым бар. Сатып алган же куруп жаткан үйү күрөө катары эсептелинет. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компания ишин баштагандан бери өлкө боюнча 4 миң 500дөн ашык ипотекалык насыя каржылаган. Алардын жалпы суммасы 5 млрд 200 млн сомду түзгөн. Бардыгы 16 миң адам үй менен камсыз болгон.

1 пикир

1 пикир

  1. Турсунбек

    05.07.2021 16:36

    ОШ облусу Алай району Үч-Төбө айыл өкмөтү. Мен Термечиков Турсунбек Калыкович ипотекага уй алайын дедим эле.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM