Биз менен байланышыңыз

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды

Кыска кабар | 1 Дек 2021 | 425 | 1

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 3-ноябрында кабыл алынган «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Бул мыйзамдын максаты жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Мыйзам менен инвесторлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.

Ошондой эле, мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.

Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Айсулуу

    05.04.2023 23:03

    Ипотекага үй алайын дегем 25жылга баштапкы төлөм жок болсо. Кантип алсам болот,кантип катталса болот.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM