Биз менен байланышыңыз

Ипотекага турак жай алууда аймактарга артыкчылык берилүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Сен 2020 | 1205 | 0

Ипотекага турак жай алууда аймактарга артыкчылык берилүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси Элмира Абжапарова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө аймактарды өнүктүрүүгө атайын программа иштеп жатат. «Ал программа Германиянын өнүктүрүү банкынын жардамы менен ишке ашууда. Бул насыяларды Бишкек менен Ош шаарынан сырткаркы жерде жашаган, үйү жок, турак жайга ээ болбогон, муктаж жарандарыбыз ала алышат. Ипотекалык насыя 3 банк аркылуу берилет: KICB, РСК жана АКБ Кыргызстан банкы. Биз койгон талаптарга жооп берсе, ушул банктардын аймактык бөлүмдөрүнө кайрылса болот»-деп кошумчалады Элмира Абжапарова.

Кредиттер 15 жылга берилет. Пайыздык чени – 10%. Дагы бир шарты — кардар сатып алып жаткан үйдүн баштапкы төлөмү катары жалпы сумманын 20 пайызын өздөрү төлөөсү зарыл. Бул кредиттерди үч максатта алса болот. Биринчиси, жаңы турак жай сатып алууга. Экинчиси, эски турак жай сатып алып, аны оңдоп-түзөп, жылуулап, реконструкция кылууга, башкача айтканда, үйдүн сыртын жылуулап же жылуулук системасын жаңылап, алмаштырып, терезелерин алмаштырып, кеңейтип, капиталдык ремонт жасоо максаттары менен кошо эски үйдү сатып алат. Үчүнчүсү, үй салууну каалаган жарандын жеке өзүнө катталган жер тилкеси бар болсо, ошол жерге турак жай курууга насыя берилет.

Аймактарды өнүктүрүүгө багытталган ипотеканы алууга бардык жарандар катыша алат. Шарттары: ипотека ала турган жарандын өзүнүн жана жубайынын атына катталган кыймылсыз мүлкү болбошу керек. Эгер турак-жай салынбаган жер тилкеси болсо, анда ипотека үчүн анкета толтурууда жер тилкеге үй салуу үчүн деп белгилеши керек.

Cуроолор болсо Мамлекеттик ипотекалык компанияга кайрылсаңыз болот:

0312 610661

0312 988901

0770 71 21 00, 0701 85 85 96 

0550 12 11 65, 0701 85 85 78

0770 94 10 80, 0701 85 85 99 

0771 98 89 01 номер whatsapp

Copyright © 2017 Maral FM