Биз менен байланышыңыз

Ипотека: Эки көп кабатуу батир салынууда

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2019 | 1068 | 0

«Арзан турак жай 2015-2020» программасы аркылуу пилоттук долбоордун негизинде көп кабаттуу эки үй курулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, үйлөр Нарын облусунда жана Бишкек шаарында салынууда. Мынтип үй курса болорун курулуш компанияларга көрсөтөлү деп жатат. Жада калса, алыскы аймактарда дагы курууга болот. Курулуш материалдарын Бишкектен алып кетишүүдө.

-Үй салуу үчүн өкмөт жер маселесин чечип берүсү керек. Муну жеке курулуш компанияларда көтөрүп жатат. Эгерде жер, коммуникация жана башка маселелер чечилсе, үйлөр салына баштайт. Жарандарыбыз арзан турак жай менен камсыз болот.

Коомчулук тарабынан үстөк пайызы жок насыя берүү сунушу көп айтыларын белгилеген Бактыбек Шамкеев ага мүмкүнчүлүк жок экенин айтты.

-Ипотекалык насыя Германияда 2-3 пайыз менен, АКШда 4 пайыз, Швейцария жана Японияда 1 пайыз менен берет. Бирок нөл пайызы менен насыя берген өлкөнү уга элекмин. Эгерде өкмөт субсидия катары берип баштаса, анда үстөк пайызсыз берүү жолу ачылат деп ойлоймун.  

Айта кетсек, Мамлекеттик компания «Жеткиликтүү турак жай» программасын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн. Мында насыянын максималдуу көлөмү 3 миллион сомдун чегинде болуп, алгачкы төлөм турак жайдын жалпы баасынын 10дон 30 пайызына чейинки сумманы түзөт. Ипотеканы үч жылдан бери иштеген дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер ала алышат.

Copyright © 2017 Maral FM