Биз менен байланышыңыз

“Айыл банк” кардарлардын насыяларды төлөө мөөнөтүн узартат

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 1301 | 0

“Айыл банк” мекемеси өлкөдөгү өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал шарттарында кардарлардын насыяларын төлөөнү жылдырып, мөөнөтүн узартууда. Бул тууралуу бүгүн Өкмөттө өткөн брифингде «Айыл Банк» Башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеев билдирди.

Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал шарттарында биздин банк кардарларга насыяларды төлөөнү жылдыруу жана мөөнөтүн узартуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат. Бул үчүн жарандар уюлдук тиркемелер аркылуу арыз жиберишкен. 2020-жылдын 1-майына карата банк жалпы суммасы 5 млрд сомго 10 миӊ 153 кредит боюнча реструктуризациялоо жүргүздү, — деп билдирди Шамкеев.

Ал кошумчалагандай, жазгы-талаа иштери үчүн, ошондой эле калктын башка муктаждыктарын камсыздоо үчүн насыяларды берүү боюнча максималдуу түрдө аракеттер жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM