Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков финансылык институттарды аймактарды өнүктүрүүгө чакырды

Кыска кабар | 20 Авг 2019 | 627 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана «РСК Банк» ачык акционердик коомунун төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ушул жылдын 7 айында 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылаган, бул 2018-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Насыялардын 60 пайыздан ашыгы өлкөнүн аймактарына багытталган.

«Айыл Банк» 7 айында 7,7 млрд сом өлчөмүндө 34 757 насыя берип, насыялардын саны 2520га өскөн. Аймактарга жалпысынан насыялардын 72 пайызы берилди.

«РСК Банк» отчеттук мезгилде 4,8 млрд сом өлчөмүндө 6908 насыя берген. Насыялардын саны 844кө өскөн, анын ичинде өлкөнүн аймактарына берилген насыялардын көлөмү көбөйүп, жалпы сандан 2,6 млрд сомду жана 74 пайызды түздү.

Кепилдик фонд ушул жылдын 7 айдын жыйынтыгы боюнча 469 млн сом өлчөмүндө 264 гарантия берген. Бул 2018-жылга караганда 198 млн сомго көп. Өсүш 173 пайызды түздү. Гарантиялардын эсебинен банктардын берген насыялары 1,4 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 156%га өскөн.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү максатында калк тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды сатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана миграцияны кыскартуу үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө финансылык ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү багыттоо зарылдыгына көңүл бурду.

«Өлкөнүн негизги финансы институттары болгон сиздер аймактардын, айылдарыбыздын өнүгүшүнүн кыймылдаткычы болуп эсептелесиздер. Аймактык ишкерлерди колдоп, алардын долбоорлорун активдүүрөк каржылагыла», — деп чакырды Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM