Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду долбоорлорду каржылоону 1-июлдан баштап улантат

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 353 | 0

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону 1-июлдан баштап улантат. Тиешелүү чечим фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков менен Фонддун кеңешмесинин төрагасы, Орусиянын финансы министринин орун басары Тимур Максимов менен Москвада өткөн жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алынды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында макулдашылган.

Новиков фонддун кеңешинин төрагасына модернизациялоо, корпоративдик башкаруунун принциптерин чыңдоо, Кыргызтандын ишкерлерин колдоого багытталган жаңы программаларды даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, алар кыргыз экономикасын өнүктүрүү, калкты иш менен камсыз кылуу жана өлкөнүн эл аралык рыноктогу позициясын бекемдөө тууралуу кеп кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM