Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо улантылат

Кыска кабар | 22 Авг 2019 | 635 | 0

Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын дагы. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 21-августта, Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын ачылышында.

Мамлекет башчысы мындай ишканалар облустардын социалдык-экономикалык абалына жакшы таасир тийгизерин, жаңы жумушчу орундары жана жергиликтүү дыйкандардын продукциясын өткөрүү пункттары түзүлөрүн канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун 80 пайызынан ашыгы айыл жерине, анын ичинен 50 пайыздан ашыгы айыл чарба тармагына багытталып жатканын белгиледи.

Ошондой эле, мамлекет башчысы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо улантылат деп ишендирди. Ал ушул сыяктуу сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды Талас, Ош жана Нарын облустарында ачып, эми Ысык-Көл облусунда ачканы жаткан «Үмүт и Ко» компаниясына ыраазычылык билдирди.

Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКынын ишке киришүүсүнө 100 млн сом сарпталган, бүгүнкү күндө суткасына 3 тонна сүт кайра иштетилет. Анын жалпы өндүрүш кубаттуулугу менен суткасына 150 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүн. Завод Нарын облусундагы сүт сатуучу эң ири ишкана болот, сүт жергиликтүү фермерлерден 18 сомдон 25 сомго чейин сатып алынат.

Copyright © 2017 Maral FM