Биз менен байланышыңыз

Арстанова: Кыргызстанда Инстаграмдын колдонуучулары көп

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 714 | 1

Нарын шаарында өтүп жаткан «Ийгиликке кадам» II республикалык медиафорумунун 1-сессиясында «Социалдык тармактар жана медиа» темасы боюнча «Марал» радиосунун онлайн-контент редактору Орозгүл Арстанова баяндама жасады.

Баяндамада ЖМКлар үчүн социалдык тармактардын мааниси, кошкон салымы, тийгизген таасири айтылып, андагы акыркы тренддер талданды. Ошондой эле социалдык тармак аркылуу аудитория топтоо, каражат табуу боюнча да кеңештер берилди.

Арстанова өз сөзүндө Кыргызстандагы социалдык тармак колдонуучулардын статистикасы боюнча маалымат берди:

Баяндаманын электрондук варианты толугу менен journalist.kg сайтына жайгаштырылат, ал эми видеоверсиясын «Журналисттер» коомдук бирикмесинин Фейсбук баракчасынан көрүүгө болот.

Эске салсак, бүгүн, 8-сентябрда Нарын шаарында «Ийгиликке кадам» II медиафоруму өтүп жатат. Анда социалдык тармактар жана медиа, медиадагы тил маселеси, гендердик маселелерди жана майыптардын жагдайын туура чагылдыруу, юридикалык жана санариптик коопсуздук, COVID-19 пандемиясы учурундагы медианын каражат булактары жана каржылоонун моделдери, шайлоону чагылдыруу сыяктуу бир катар актуалдуу темалар талкууланып, баяндамалар жасалууда.

«Марал» радиосу — форумдун медиаөнөктөшү.

Copyright © 2017 Maral FM