Биз менен байланышыңыз

Боронов Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 971 | 0

Медициналык мекемелерде, айрыкча төрөт үйлөрүндө жана балдар бөлүмдөрүндө COVID-19 жуктурууга жол бербөө үчүн инфекциялык көзөмөл системасын күчөтүү зарыл. Саламаттык сактоо министрлигине мындай тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди.

Бул маселеге бөтөнчө көңүл буруу зарыл, — деди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Ошондой эле, биринчи вице-премьер-министр Нарын шаарындагы абалга кооптонуусун билдирди.

Түзүлгөн абал жугуштуу инфекциянын жайылышынын алдын алуу максатында шаар боюнча транспорттун жана калктын кыймылын чектөөнү талап кылат. Олуттуу чараларды кабыл алуу зарыл. Мындан тышкары, оорунун очогу саналган аймактарды, анын ичинде дарыканаларды, дүкөндөрдү жана башка коомдук жайларды сапаттуу дезинфекциялоого көңүл буруу керек. Ошондой эле оору менен байланышта болгон бардык жактар камтылышы зарыл, — деди Кубатбек Боронов.

Ыкчам штабдын мүчөлөрү бүгүнкү күндө коронавирус боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан лабораториялардын мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрүү маселесин талкуулады. Көчмө лабраторияларды сатып алуу жана тийиштүү адистерди окутуу ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Чет өлкөдөн келген жарандарды обсервациялык пункттардан аймактардагы жашаган жерине жеткирүү боюнча уюштурулаган алгоритмди сактоо маселесине өзгөчө басым жасалды.

Copyright © 2017 Maral FM