Биз менен байланышыңыз

Каратаев Нарын элин максатсыз коомдук жайларга чыкпоого чакырды

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 576 | 0

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев Нарын облусунун тургундарына кайрылып, максатсыз коомдук жайларга чыкпоону суранды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Мадемин Каратаев өз кайрылуусунда ошондой эле оорунун алдын алуу чараларын сактоого чакырды.

Каратаев маалымдагандай, бүгүнкү күндө Нарын облусу боюнча коронавирус менен 194 учур катталган. Облус боюнча обсервацияда 126 адам турат, анын ичинен 42си медкызматкер.

Байланышта болгондордун саны – 1400дү түздү, үй карантининен 545 адам чыгарылып, 664 адам медициналык кароодо турат. Беш мобилдик топ очоктордо иштеп жатат.

Ат-Башы районунда эпидемиологиялык абал туруктуу, ал эми Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда курч бойдон калууда. Облус боюнча тиешелүү дары-дармектер жана ИВЛ аппараттары жетиштүү.

Copyright © 2017 Maral FM