Биз менен байланышыңыз

Нарында кыргыз-өзбек ишкерлеринин бизнес форуму өттү

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 543 | 0

Нарын шаарында кыргыз-өзбек ишкерлеринин бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бизнес-форумга эки облустун жетекчилери жана ишкерлери катышып, Нарын облусу менен Фергана облусунун мындан аркы кызматташуу кадамдарын негиздей турган жол картасы бекитилди. Ошондой эле «Нарын» эркин экономикалык аймагы менен «Кокон» эркин экономикалык аймагынын, Нарын мамлекеттик университети менен Фергана мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Мындан сырткары, ишкерлер жеке тажрыйбалары менен бөлүшүп, эки тараптуу байланышты бекемдөө тууралуу пикир алышты.

Copyright © 2017 Maral FM