Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек ишкер айымдары биргеликте кызматташат

Коом , Экономика | 21 Сен 2021 | 1436 | 0

Бүгүн Бишкекте кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форуму өтүүдө. Форумдун негизги максаты Борбор Азия аялдарын күчтөндүрүү болуп саналат. Анын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдары тажрыйба алмашып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Форумга катышуу үчүн Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева атайын Бишкекке учуп келди. Парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Аида Касымалиева жана Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды. Иш-чарага ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Герман, Тажикстан Өкмөтүнүн аялдар жана үй-бүлө маселеси боюнча комитетинин төрагасы Хилалби Курбонзода, Казакстан парламентинин Эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдары катышууда.

Кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес-форумунда сөз сүйлөгөн Танзила Нарбаева Өзбекстан парламентиндеги депутаттардын 32%ы аялдар экенин, мамлекеттик саясатта гендердик теңдик камсыздалганын кошумчалады. Муну менен катар ишкер аялдарды колдоо максатында мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнүп, атайын каржылоочу банк түзүлгөнүн маалымдады.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер айымдарынын диалогу кеңейтилген форматта биринчи жолу өтүп жатат. Бул биздин ишкер айымдардын активдүү кызматташуусуна, достошуусуна жана көп тараптуу мамиле куруусуна шарт түзөт. Ошондой эле кыска убакта эки өлкө арасындагы мамилени динамикалуу өнүктүрүүгө чоң салым кошкону үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирем. Өлкө башчыларынын бир туугандык, достук жана ишенимдүү мамилелеринен улам эки өлкө ортосунда чечилбеген маселе калган жок деп айтсак болот. Бул эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле аялдардын  ишкердик тармактарында кызматташуусуна мүмкүнчүлүктөрдү ачат».

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева биринчи жолу ишкер аялдардын башы биригип, кеңири форматта сүйлөшүү аянты түзүлүп жатканын кубануу менен белгилеп, бүгүнкү башталган иш-чара жемиштүү жыйынтыкталарына ишенимин билдирди.

«Бул жолку форумдан конкреттүү келишимдерди жана конкреттүү меморандумдарды күтүп жатабыз. Себеби бизде Өзбекстан менен биргеликте аялдар айыл чарба тармагында, жеңил өнөр жай тармагында иш алып бара алат. Өзбекстан менен базарларыбыз жакын. Ошондуктан Борбор Азия аялдарын күчтөндүрүү үчүн эки тараптуу бизнес-форум уюштуруп жатабыз. Бул аракеттер жакынкы эле күндөрдө өзүнүн жакшы жыйынтыктарын алып келет».

Форумга Өзбекстандан 22, Кыргызстандан 57 ишкер аял катышууда. Кыргызстандагы ресторандар тармагынын ээси Бермет Төлөгөнова өлкөдө ишкер айымдарга эркектер менен бирдей шарт түзүлгөнүн айтып, бирок азырынча айымдар ишкерликке анча кызыкпай жатканын белгиледи.

«Бизде Кыргызстанда ишкер аялдар менен эркектерге бирдей шарт түзүлгөн. Бирок көп учурда аялдар үй тиричилик менен үй-бүлөсүн карап, ишкерликке киришпей, маанисин түшүнбөй жатат. Бирок азыркы учурда онлайн иштер да пайда болду. Бүгүнкү кыргыз-өзбек айымдарынын форумун мамлекет колдоп жатат. Менин оюмча, бизде азыр жеңил өнөр жай тармагы жакшы өнүгүп жатат. Биз бул убакыттан пайдаланып өнүгүп кетишибиз керек, себеби бул тармакта 90% айымдар иш алып барышат». 

Форумдун катышуучулары ишкер аялдардын ишмердигин колдоо маселесин көтөрүштү. Кыргызстанда жана Өзбекстанда ийгиликке жетишкен ишкер айымдар өздөрүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, таанытым жасашты. «Академия роста» интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун негиздөөчүсү Сайкал Асылбекова Бишкек менен Ташкентте франчайзинг фестивалын өткөрүүнү сунуштап жатканын билдирди.

Анын айтымында, франчайзинг жарманкелери компаниялардын кеңири масштабда жайылуусуна шарт түзөт.

«Бул форум Кыргызстан үчүн абдан чоң салымын кошот. Анткени бул жерде иш жүзүндө жакшы натыйжаларды көргөзүп келе жаткан ишкер айымдар Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мыкты диалогду түзүп жатышат. Бул диалогдун негизинде көптөгөн өнөктөштөр пайда болот. Мисалы, билим берүү тармагында биздин компания франчайзинг системасын сунуштап жатат. Ошону менен эки өлкөдөгү билим берүү тармагындагы ийгиликтүү методикалар, эффективдүү технологиялар болсо, ошолорду өнүктүрүп, франчайзинг менен кеңири масштабга жайылтсак болот. Ошондой эле эки өлкөнүн борборлорунда франчайзинг фестивалын өткөрүүнү сунуштап жатам. Ал жерде көптөгөн компаниялар өзүнүн компаниясын башка жактарга жайылтуу максатында көргөзмөгө катышып, өнөктөштөрүн издесе болот. Андай аянтчалар Америкада, Орусияда абдан өнүккөн. Андай иш-чараларда көптөгөн компаниялар бир жыл ичинде жүздөгөн филиалдарын ачканга жетишип жатат». 

Кыргызстандын айыл чарба тармагын Өзбекстанга таанытып келген ишкер Рыскүл Акимжанова Өзбекстанда ишкерлерге түзүлгөн шарттар жана айырмачылыктар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду. 

«Өзбекстанда ишкерликке аябай жакшы көңүл бурулган. Мамлекет тарабынан чоң жардамдар берилип турат жана көп тармактуу колдоо бар. Дагы бир айырмачылыгы Өзбекстан чет жактык, өзгөчө Европа өлкөлөрү менен тыгыз иштешет экен. Ишкерлик, импорт, экспорт да Европа менен тыгыз байланышкан. Бирок Кыргызстан ушул жагынан аксап турат, буйруса, жолго коюлат деген ишеничтемин. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда ишкерликти өнүктүрсө болот, бирок жөн эле өнүктүрө бербестен, Кыргызстандагы бизнес чөйрөнү коргоо керек. Өзбекстанда сырье аябай көп. Жеңил өнөр жай тармагын ала турган болсок, аларда пахта бар. Бирок алар жеңил өнөр жай тармагында биздин ишкерлердей сапатка чыга элек. Эртеңки күнү эки тарап биргеликте иш баштап калса, биз ишкерлерибизди коргошубуз керек».

Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер аялдарынын бизнес-форуму БУУнун Өнүктүрүү фондунун жана Борбор Азия аялдар диалогунун колдоосу менен өтүп жатат. Борбор Азия аялдар диалогу 2020-жылдын аягында түзүлгөн. Буга чейин кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес-форуму Ташкентте болуп өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM