Биз менен байланышыңыз

«Өзбек-кыргыз соода алакасы Кыргызстандын зыянына иштеп жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Мар 2021 | 528 | 0

Өзбек-кыргыз соода алакасы Кыргызстандын зыянына иштеп жатат. Мындай пикирин «Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандан Кыргызстанга көп товар импорттолот. Экспорт өтө аз.

Өзбек тарап товардык насыя катары өзүнүн өнүмдөрүн Кыргызстанга жөнөтүп, кыргыз элин көндүрүп жатат.

Исаков өзбек тараптын Кыргызстанга берген 25 тез жардам унаасын шылдың катары баалады.

«Алар өздөрүндө өндүрүлгөн унааларын бизге жиберип жатат. Алардын баасы 300-400 миң доллардан ашпайт. Ал кыргыз экономикасы үчүн болбогон нерсе. Биздин мамлекеттин аброюн түшүрүп, эл аралык аренада «тилемчи өлкө» деген статуска кондуруп коюуда, бул — өтө кейиштүү», — дейт Исаков.

Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды(сүрөт)

Copyright © 2017 Maral FM