Биз менен байланышыңыз

Исаков: Улам жаңы тоскоолдуктар күтүп турат, ага даярданып жатам

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2019 | 547 | 0

Университеттерге импульс берип, дүйнөлүк интеграцияга теңелүүгө аракет жасоо зарыл. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков «Маралга» маек берип жатып билдирди.

Ал билим берүү тармагы өзгөрүүгө муктаж экенин айтып, артыкчылык берген багыттарын санап өттү.

«Бала бакчалардагы билим берүү жана тарбия, орто мектептерде билим берүү толук реформага муктаж. Мазмуну жана сапаты өзгөрүүсү керек. Коллеждердин багытында да иштөө зарыл. Оптималдуу иштөө керек. Министрликтин кызматкерлерине катуу чуркайбыз, ким калып калса, эстафетаны башкага беребиз деп айтып жатам. Кесипкөй адистер жок деп айта албайм. Позитив жараткан кызматкерлерге артыкчылык беребиз», — дейт Исаков.

Ал билим берүү тармагындагы ишмердүүлүктүн диапазону кенен жана жыйналып калган ири көйгөлөр көп экенин белгиледи.

«Мектептердин абалын өз көзүм менен көрүп, мугалимдер менен сүйлөшүп, чечүүнү талап кылган маселелер менен таанышып жатам. Улам жаңы тоскоолдуктар күтүп турат, ага даярданып жатам», — дейт министр.

Copyright © 2017 Maral FM