Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан Өзбекстанга цемент ташуу иши кайрадан жанданды

Кыска кабар | 22 мая 2019 | 36 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын профилдик министрликтеринин жана ведомстволорунун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча бүгүн, 22-майда Кыргызстандан Өзбекстанга цемент ташып жеткирүү иши кайрадан башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жүк ташуучулардын айтуусу боюнча, бүгүн эртең менен кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрмө бекетинде 103 жүк ташуучу унаа цементи менен чек арада турган.

Copyright © 2017 Maral FM