Connect with us

Түркия Кыргызстандын 62 млн долларлык карызын кечти

Кыска кабар | 5 Ноя 2024 | 288 | 0

Түркия Кыргызстандын карызын кечти. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен биргелешкен билдирүүсүндө айтты.

Түркия Кыргызстандын 62 миллион долларлык карызын кечкени маалым болду. Ал каражат жашыл экономикалык долбоорлорго жумшалат.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саламаттык сактоо, энергетика, экономика, айыл чарба, санариптештирүү, коопсуздук жана маданият тармактары боюнча маанилүү макулдашууларга кол коюлду. Ушул мамлекеттик сапар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабын ачкан, кыргыз-түрк мамилелеринин тарыхындагы маанилүү окуя болду десем жаңылышпайм» , — деди Жапаров.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын Түркияга карызы 58,8 миллион долларды түзөт.

Бүгүн, 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга мамлекеттик сапары өтүүдө. Эки президенттин сүйлөшүүлөрү «Ынтымак Ордо» президенттик администрациясында өттү.

Copyright © 2017 Maral FM