Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча маселе Ферганада талкууланды

Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 586 | 0

Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарына байланыштуу маселелер Кыргызстан жана Өзбекстандын жумушчу топторунун жолугушуусунда талкууланды. Бул тууралуу чек ара кызматынан кабарлашты.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү Өзбекстандын Фергана шаарында жолугушту. Кыргыз тараптын делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков  баштап барган. Ал эми Өзбекстан  тараптын делегациясын премьер-министрдин орун басары Элёр Ганиев жетектеген.

Кыргызстан жана Өзбекстандын делегациялары эки өлкөнүн ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттары жөнүндө 2004-жылдын 24-июлундагы Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында иштерди улантуу зарылдыгы тууралуу макулдашышты.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы такталбай калган участокторду аныктоону аягына чыгаруу керектигин белгилешкен. Муну ишке ашыруу үчүн  Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин күчөтүү зарыл деген пикирге келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM