Биз менен байланышыңыз

23-майга карата Нарын шаарында коронавирус катталган жок

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 1136 | 0

Бүгүн, 23-майга карата Нарын шаарында коронавирус инфекциясын жугузуп алган жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда калаада бул илдетти жугузуп алган 119 учур катталса, алардын 19у айыгып чыкты жана 100 адам обсервацияга жаткырылды.

Ал эми үй карантинине 394 адам алынды.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1365 адамга жетти. Алардын ичинен 957 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM