Биз менен байланышыңыз

Өкмөт ишкерликти колдоонун кризиске каршы финансылык чараларын бекитти

Кыска кабар | 31 Мар 2020 | 1617 | 0

Улуттук банк банк тармагынын финансылык өтүмдүүлүгүнүн зарыл деңгээлин камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасын колдоо жана калыбына келтирүү боюнча өткөн жыйында билдирди.

«Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте кырдаалды дыкат талдап, насыяны кайтарып берүү шарттарын өзгөртүү боюнча комплекстүү чараларды көрөт. Бул негизги суммага жана пайыздык төлөмдөргө тийиштүү», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы билдиргендей, түзүлгөн кырдаал экономиканын түзүмүн өзгөртүү зарылчылыгына алып келет. Өлкөдө керектүү товарларды өндүрө турган жолду баштоого мүмкүнчүлүк бар. Бул татаал процессте Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фонду жардам берет, ал үчүн атайын жеңилдетилген программа иштелип чыгат.

Кризиске каршы планга ылайык кабыл алынган чечимдер:

— КРдин Улуттук банкына калк арасында банктык тейлөөнү аралыктан жүргүзүүнүн артыкчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштоо;

— КРдин Улуттук банкына экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн банк тутумун сомдун өтүмдүүлүгүнүн зарыл деңгээли менен камсыз кылуу максатында насыялык аукцион өткөрүү сунушун киргизүү;

— КРдин Улуттук банкына 2022-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө коммерциялык банктарга жана коммерциялык эмес уюмдарга карата пруденциалдык талаптарды жеңилдетүүнү сунуштоо;

— Коммерциялык банктар менен чакан жана орто бизнести колдоо линиясы боюнча КР Өкмөтү жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлорду кошуу менен 3 айдан кем эмес мөөнөткө насыялар боюнча негизги суммалар жана пайыздарды узартуу, реструктуризациялоо тууралуу иш алып баруу;

— Элдин массалык түрдө чогулуусун алдын алуу максатында ушул жылдын 1-июлуна чейин акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу;

— Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосунда ата мекендик ташуучуларга 20 % өлчөмүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө ченемди («Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгү) бекитүү;

— Ата мекендик ташуучуларга, өндүрүүчүлөргө жана жалданма компанияларга аракеттешүү максатында аткарууга өзгөчө кырдаалдар/өзгөчө абал режимдерин киргизүү таасир берген мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишимдердин мөөнөттөрүн тууралоо;

— КР экономикасындагы тармактарды жеңилдетилген шартта насыялоо үчүн Орусиянын эмитенттери баалуу кагаздарында жайгаштырылган Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу;

— Насыялык ресурстарга максималдуу түрдө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн  Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү;

— Коронавирус инфекциясынын таралышына жана өзгөчө кырдаалдар/өзгөчө абал жарыялангандыгына байланыштуу олуттуу жабыр тарткан бизнести колдоо фондун биргеликте түзүү боюнча өнөктөштөр менен иш алып баруу.

Copyright © 2017 Maral FM