Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду: региондордогу долбоорлорго артыкчылык берилет

Экономика | 28 Янв 2020 | 722 | 0

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ачылгандан бери каржыланган долбоорлор 379 млн долларды түзгөн. Анын 57 %ы ири долбоорлор болсо, 47 %ы чакан бизнестик долбоорлор. Бул жөнүндө аталган фонд уюштурган маалымат жыйынында маалымат берди. Буга кошумча алдыда пландалган иштер жана артыкчылыктуу багыттар тууралуу сөз болду. 

Долбоорлорду каржылоодо Кыргыз-Орус Өнүктүрүү агроөнөр жай, туризм, айыл чарба жана өндүрүш тармагына артыкчылык берет. Ошондой эле, колдоого алынган долбоорлордун 83 пайызы региондордо ишке ашат. Чакан бизнестерди колдоо боюнча ар бир облуска 10 миллион сомдон бөлүү каралган. Муну менен катар аймактарды колдоо максатында Баткен, Нарын жана Талас облустарында “стартаптарды колдоо” деген программа киргизилген. Сөз болуп жаткан фонддун төрагасы Эркин Асрандиевтин маалымдаганына караганда Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2015-жылдан бери жалпы 379 млн долларды түзгөн долбоорлорду каржылаган.

 Каржылоого кабыл алынган долбоорлор жалпы 379 млн долларды түзгөн. Бул кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ачылгандан бери, тагыраагы, 2015-жылдан берки сумма. Долбоорлордун саны — 2351. Анын 57 %ы ири долбоорлор болсо, 47 %ы чакан бизнестик долбоорлор. Ал эми 2019-жылы кабыл алынган долбоорлор 77,5 миллион долларды түзгөн. Бул жерде өсүш байкалууда. 2018-жылы жалпы сумма 42,9 миллион болгон. Мындан сырткары, пайыздык ченем улуттук валюта боюнча 9 %га чейин түшүрүлдү. Эң башында 12 % болгон.

 Асрандиевдин кошумчалашынча, РСК банкка чакан бизнести каржылоо үчүн 10 жылга  насыя берүү боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык, 15 млн доллар транш менен жыл ичинде берилет.

Ал эми фондго Орусиянын дагы 500 млн доллар бөлөрү тууралуу Эркин Асрандиев төмөнкүлөрдү айтып өттү:

Кошумча 500 млн доллар бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кыргызстан тарап бул суроону көтөргөн,  бирок бул оңой процесс эмес. Баса белгилеп өтсөк, биринчи бөлүнгөн 500 миллион бүгүнкү күндө толук түрдө жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жетиштүү. Дагы 500 миллионду жакынкы учурда бөлүүгө зарылчылык  жок.

Фонд бүгүнкү күндө долбоорлорду каржылоого өздүк капиталын өстүрүүдө. Муну менен бирге фонд тарабынан накталай берилген 325 миллион доллар Кыргызстандын экономикасына түшүкөн. Жыйынтыгында, кредиттердин төлөнүүсүнүн жыйынтыгында 110 миллон доллар кайра фондго келген.

Бүгүнкү күндө ири долбоорлор боюнча айыл чарба, өндүрүш, туризм багыттарына артыкчылык берилген. Алардын айрымдары тууралуу кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы төрагасынын орун басары Олег Кудяков маалымат берип өттү:

-Бүгүнкү күндө колдоого алынып,  ишке ашкан же ишке аша турган ири долбоорлор бар. Туризм багытында Ысык-Көлдө спорттук туристик комплекс, Чүй облусунда жаңы тоо-лыжалык базасын, Бишкекте курулган мейманкананы айтсак болот. Сүттү кайра иштетүү боюнча бир нече ишке кирген же ишин баштоо алдында турган сүт заводдор бар. Жакында эле ири тигүү цехи реконструкцияланып, жаңы жабдыктар менен иш жүргүзүүдө.

Ал эми, кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкаруу кеңешинин мүчөсү Азиз Аалиев 2020-жылы класстердик ыкма менен өнүгүү боюнча долбоорлор киргизилип жаткандыгын айтып берди. Анын белгилешинче, комплекстүү мамиле компанияларга фонддун каражатын эффективдүү колдонууга жардам берет.

-“Класстер” деген эмне? Бул жалпы талаачылыктан акыркы этап болгон кардарга чейинки комплекстик иш-чара. Мисалы, мал чарбачылыктан баштап, азыктарды дүкөнгө чейин каржылап, жардам берүү механизмдерин ишке ашырышыбыз керек. Ошондуктан, биз топ түзгөнбүз. Бул топтун ичинде РСК, Айыл Банк, “Кепилдик фонду” жана биздин фонд да бар. Ошондой эле бүгүнкү күндө координациялык топко айыл чарба министрлигин жана экономика министрлигин чакырып жатабыз. Комплекстүү түрдө иштеп, каржы механизмдерин бирге аныктап, ишкерлерди колдоо максатын койгонбуз.

Аалиев класстердик ыкма менен иш алып барууда сүт өндүрүмү, энергетика тармагы, анын ичинде чакан ГЭСтерди куруу жана балык чарбасын өнүктүрүү пландалып жатканын белгиледи.

Ошондой эле, маалымат жыйынында 2020-жылы Баткен, Нарын жана Талас облустарында “стартаптарды колдоо”, чакан стартаптарды өнөктөштөр менен бирге колдоо программасы уланарын белгилешти. Муну менен катар ишкерлерди сапаттуу техника менен камсыздоо максатында лизинг компаниясын түзүү жана региондордо ишкерлерди окутууга багытталган долбоорлор боюнча иш жүрөрүн маалымдашты.

Copyright © 2017 Maral FM