Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: Стартаптарды колдоо боюнча ар бир облуска 10 млн сомдон бөлүнөт

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 746 | 0

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду ачылгандан бери, тагыраагы 2015-жылдан бери каржыланган долбоорлор 379 млн долларды түзгөн. Анын 57 % ири долбоорлор болсо, 47 % чакан бизнестик долбоорлор.  Негизги приоритеттүү багыттар агро өнөр жай, туризм, айыл чарба жана өндүрүш болуп эсептелет. Бул тууралуу Кыргыз-Орус Өнүктүрүү Фондусунун төрагасы Эркин Асрандиев маалымат жыйынында билдирди.

Жалпы долбоорлордун 83 % региондордо. Ал эми, кабыл алынган долбоорлор 2019-жылы 77,5 миллион долларды түзгөн. Улуттук валюта боюнча кредиттер башында 12 % болсо, учурда 9 % чейин төмөндөгөн.

«РСК» банкка чакан бизнести каржылоо үчүн 10 жылдык мөөнөткө 15 млн доллар насыя берилген. Бул сумма транш менен ушул 2020-жылы берилет.

Асрандиев ошондой эле, стартаптарды колдоо боюнча ар бир облуска 10 миллион сомдон бөлүү каралгандыгын айтып, фондго Орусия дагы 500 млн доллар бөлөрүн айтты.

«Кошумча 500 млн доллар бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кыргызстан тарап бул суроону көтөргөн,  бирок бул оңой процесс эмес. Баса белгилеп өтсөк, биринчи бөлүнгөн 500 миллион бүгүнкү күндө толук түрдө жетиштүү. Экинчи 500 миллионду жакынкы учурда бөлүүгө зарылчылык  жок».

Copyright © 2017 Maral FM