Биз менен байланышыңыз

Жапаров Асрандиев жана анын билдирүүсү боюнча үн катты

Кыска кабар | 12 Ноя 2020 | 894 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Эркин Асрандиевди буга чейин тааныган эмес. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди. Жадагалса, вице-премьер-министрлик кызматты аркалап турганын да билген эмес.

— Кызматка келгенден кийин биринчи күнү бардык вице-премьер-министрлердин резюмелерин карап баштадым. Андан соң биринчи вице-премьер-министрлик кызматка Эркин Асрандиевди, андан кийин Санжар Мукамбетовду сунуштадым. Экөөсү тең баш тартып, анан Артём Новиков менен аппараттагылар сүйлөшүп, ал макул болду. Эжем (ред:- Райкүл Жапарова) тууралуу жазганын окугандан кийин ал тууралуу толук маалыматы жок экенин сездим. Ошондой эле мага оппонент көз карашта экенин да билдим. Менин эжем боюнча бардык иш саясий буйрутма менен болгон. Бул жашыруун эмес. Мени эле эмес, досторумду, жакындарымды куугунтукташпадыбы.

Эскерте кетсек, мурдагы вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жаңы бийлик менен кызматташпай турганын айтып, анын себебин түшүндүргөн. Апрель окуясынан 3 жыл өткөн соң «Ысыккөл Инвестбанкта» консерватор болуп иштегенин, анда төңкөрүштөн кийин аталган банктагы мыйзамсыз операциялардын документтери менен таанышканын жазган. Ал иштер Максим Бакиевдин жана анын жакындарынын катышуусунда, Райкүл Жапарованын жетектөөсүндө болгонун айткан.

«Анткени банк толугу менен анын колунда болгон. Мындан Садыр Жапаровдун кабары жок болуп калышы мүмкүн эмес. Ал ошол убактагы президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси, Коррупциянын алдын алуу агенттигинин жетекчиси болуп турган. Ошол үчүн мен репутациясы күмөн жараткан жетекчинин кол астында иштей албайм», — деп жарыялаган болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM