Биз менен байланышыңыз

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында эмнелер жетишилди?

Кыска кабар , Саясат | 23 Сен 2020 | 601 | 0

Бишкекте Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйыны өттү. Анда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча маселелер талкууланды. Маселен, Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды. Орусия өкмөтү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Орусияга болчу иш сапарына кам көрүп жатканын билдирди. Кеңешмеде жыйынтыктоочу протоколго кол коюлду.


Мамлекеттик Ала-Арча резиденциясында уюштурулган Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйыны пандемиядан кийин Кыргызстанда уюштурулуп жаткан эл аралык маанидеги алгачкы иш-чара. Бул Кыргызстандан Орусия менен болгон алакасы күчтүү экенин далилдейт.

Жыйында бир топ ири долбоорлор талкууланды. Алсак, эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси сүйлөшүлдү. Бул тууралуу вице-премьер министр Эркин Асрандиев билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, киргизилген карантиндик жана чектөө чаралары эки өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө дагы таасирин тийгизди.

— Орусия Федерациясы Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү, ошондой эле жалпы соода түзүмүндө экинчи орунда турган негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Бүгүнкү реалдуулукту эске алуу менен, биргелешкен аракеттер биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди жандантууга жана өркүндөтүүгө багытталат деп үмүттөнөм. Конкреттүү долбоорлор сунушталды. Алсак, энергетика тармагында эки өлкөнүн электр станцияларынын ортосунда тыгыз кызматташтык талкууланды. Кыска убакытта ишке ашуучу долбоорлордун бири -күн нуру менен жылытууда пайдаланылуучу панелдер үчүн пластиндерди өндүрүү.  Даяр өнүм Орусиянын аймагында да колдонулат. Орусия тарап геологиялык изилдөөгө көмөк көрсөтүүгө жана өлкөдө геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө даяр. Жакынкы күндөрү товарларды маркировкалоо системасын түзүүдө техникалык колдоо көрсөтүү боюнча келишимге кол коёбуз. 

Вице-премьер-министр бардык жетишилген келишимдер өз убагында жана натыйжалуу аткарылышы керектигин кошумчалады.

Ал эми Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдиргендей, орус өкмөтү президент Сооронбай Жээнбековдун Орусияга болчу иш сапарына кам көрүүдө. Орусия Кыргызстанга эки долбоор боюнча техникалык жардам көрсөтөт. Алар салыктык башкаруу жана товарларды маркировкалоо.

— Салыктарды башкарууга техникалык көмөк көрсөтүү боюнча Россияда эң алдыңкы система бар, бул тажрыйба менен бөлүшүүгө даярбыз. Бул салыктарды чогултуунун эсебинен өлкөнүн өнүгүүсүнө таасирдүү салым кошууга мүмкүнчүлүк берет. Экинчи долбоор — товарларды маркировкалоо программасы. Ал рынокту ачыгыраак кылганга жакшы шарт түзөт. 

Оверчук Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолду. Анын маалыматына караганда, акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын Орусияга товар экспорттоосу 4,5 эсеге өстү.

Бул Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүдөн пайда көрүп жатканынан кабар берет. Эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтык жогорку деңгээлде. 

Пандемиянын айынан Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылына арналган 220 иш-чаранын көпчүлүгүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калган. Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары пландалган иш-чаралардын бир бөлүгүн 2021-жылга жылдырууну сунуштады. Ал эми Кыргызстандын вице-премьери Эркин Асрандиев мындай сунушту колдоп, абал турукташкандан кийин ири иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөрүнө үмүт артты.

Жыл башынан бери Орусия менен Кыргызстандын ортсондагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 31 млн долларды түздү. Пандемияга байланыштуу айыл чарба азыктарын Орусияга эскспорттоонун көлөмү азайганы белгилүү болду. Инвестициянын келиши да төмөндөгөн. Учурда соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында онлайн түрүндө форум өткөрүү пландалууда.

Ошондой эле билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Орусиянын окуу жайларында кыргызстандык студенттер үчүн бюджеттик орундарды көбөйтүү сунушталганын билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров кабарлады.

— Азыр бир жылдык жол карта түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Анын негизинде орто кесиптик окуу жайларда адистиктерди даярдоонун бүтүрүүчү квалификациялык сынактарын кесипкөй коомчулук аркылуу, Орусиянын эксперттери менен талапка ылайыктуу жөндөмдөрүн аныктоо максатында пилоттук режимде жүргүзүлөт. Орусия абанын курамы, аэрозолдор боюнча изилдөө лабороторияны өркүндөтүүгө жардам берип жатат. Мындан сырткары, академиялык мобилдүүлүк маселеси сүйлөшүлдү. 

Жыйында энергетика, айыл-чарба, өнөр жай тармагындагы маселелер талкууланып, протоколдорго кол коюлду. Анын негизинде эки өлкөнүн мамилелерине жаңы дем берилет. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Султан Акматов билдирди.

— Орусия — КМШ өлкөлөрүнүн арасынан биздин негизги соода өнөктөш. Жалпы сооданын көлөмү 859 млн долларды түзөт. Пандемияга байланыштуу соода төмөндөп жатат. Бүгүнкү кол коюлган протокол менен жаңы дем берип жатабыз. Жакынка убакта жыйынтыктарын көрөбүз. 

Кыргызстан Орусия менен саламаттыкты сактоо тармагында да кызматташтыкты чыңдайт. Эки өлкөнүн ортосунда кыргыз-орус илимий изилдөө борборун куруу макулдашылганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

— Коронавируска байланыштуу дагы бир топ иш-чараларды сүйлөшүп жатабыз. Элдин иммундук катмарларын изилдеп чыгуу боюнча да биргеликте иштөөгө макулдаштык. Эртеңки күнү биздин санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын өрчүтүп, бирдиктүү план түзүү милдети коюлду. Орусия менен КРдин санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы бирдей практикалардан, Орусия колдонгон ыкмаларды колдонуу боюнча да биргеликте иш алып барабыз. Коркунучтуу, кооптуу оорулар боюнча да кызматташтыкты өрчүтүү алдында турабыз. Анткени нормативдик-укуктук актылар боюнча дагы методикалык жардамдарды алабыз. Учурда мезгилдик сасык тумоого каршы вакциналарды сатып алуу улантылууда. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда өндүрүлгөн. Мындан ары да коронавирустун вакцинасы иштетилип, элдин катмарына жетип калган кезде биз да Орусиядан вакцинаны алып келип, эмдөөлөрдү жүргүзөбүз. 

Орусия Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча өнөктөш мамлекеттердин баары менен активдүү диалог куруп жатканын Орусиянын  экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Виктор Бабич билдирди. Анын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө эки чечиле элек маселе бар. Алар — рельстин туурасынын узундугу жана маршрут.

— Учурда кезектеги айкалышкан вариант сунушталууда. Бүгүн Кыргызстандын президенти жана премьер-министри менен болгон жолугушууда дагы бул маселе талкууланды. Биз ведомствонун деңгээлинде маселенин үстүндө иштеп жатабыз. 

Эске салсак, Кытай менен байланыштыра турган темир жол долбоору бир топ жылдан бери талкууланып келе жатат. Маршруттун бир нече варианттары каралган. Алардын ичинен Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстанга өтүп, андан ары Иранга чыгуу да пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM