Биз менен байланышыңыз

Экономикалык кырдаалды жакшыртуу боюнча чаралардын экинчи пакети даярдалууда

Кыска кабар | 7 Апр 2020 | 505 | 0

Бизнеске жардам берүү маселесин иштеп жатабыз. Учурда эки булак бар – Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана биздин эл аралык донорлорубуз. 150 млн долларга чейин жардам көрсөтүү жөнүндө Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бул каражаттардын 50%ы гранттык негизде берилет, — деди 7-апрелдеги брифингде вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.

Ошондой эле, ал Азия Өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мындан сырткары, Өкмөт 2020-жылдын соӊуна чейин өлкөнүн экономикалык кырдаалын жакшыртуу боюнча чаралардын экинчи пакетин даярдап жатканын кошумчалады.

Бул чаралар экономиканы жандандыруу жана кайра калыбына келтирүү үчүн кабыл алынат. Ошондой эле чаралардын үчүнчү пакети дагы иштелип чыгууда– бул келерки жылдарга карата стратегиялык план болот.

Copyright © 2017 Maral FM