Биз менен байланышыңыз

Арзан турак жай алуу үчүн тизмеде үч жарым миң жаран турат

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2019 | 1002 | 0

Бүгүнкү күндө турак жай алуу үчүн ипотекалык насыяга үч жарым миң жаран тизмеде турат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кезекте турган бардык үй-бүлөлөрдү насыя менен камсыз кылуу үчүн 3 млрд сом керек. Мунун үстүндө компания өкмөт менен чогуу иштеп жатат. Ал эми Каржы министрлиги башка булактардан дагы каражатты караштырып жатат. Эгерде талап кылынган каражат табылса, насыя биринчи тизмедегилерге берилет.

-«Арзан турак жай 2015-2020» программасы иштеп баштагандан бери үйлүү болом деген кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачылды. Ал эми коммерциялык банктар өздөрүнүн кызматкерлерине 7 жылга чейин насыя бериши мүмкүн. Алардын үстөгү 18 пайыздан жогору. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын насыясы 7 пайызга түштү. Орусия, Казакстан менен салыштырып көрсөк. Казакстанда ипотекалык насыя 8,5 пайыздан башталат, ал эми Орусияда 9 пайыздан жогору болууда.

Шамкеев белгилегендей, ипотекалык насыянын үстөк пайызы үч жолу түшүрүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM